Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп табуу жөнүндө доо арызы каралууда.
Соттун имаратынын алдында аталган партиянын 700гө жакын тарапташтары чогулуп, соттон акыйкат чечим чыгаруусун талап кылып жатышат.
Соттук отурумга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, аталган партия менен шайлоого аттанган талапкерлер: Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Зияддин Жамалдинов, Курсан Асанов, Ишенбай Кадырбековдор да келишти.
Ошондой эле сотко Турсунбай Бакир уулу да келди. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтары саясатчыны “уят!”, “саткын!” деп тосуп, ал соттун имаратына киргенче артынан кыйкырып турушту. Айрым колдоочулар анын келишин чагым катары баалашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ