Menu

Саясат айдыңына кимдер келет?

Бөлүшүү:

Каржы булагы азыр саясатчылардын көпчүлүгү үчүн башкы маселе. Саясат айдыңындагы оюнчулардын көбү Алмазбек Атамбаев президент болуп турган мезгилде материалдык активдеринен жана каржы булактарынан ажырап калышкан. Алар материалдык базасын (өзүнүн жана партиясынын) тездик менен калыбына келтириши кыйын, бирок, калыбына келтириш үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасашат. Мына ошондуктан, Атамбаевдин акыркы жети жылда өсүп кеткен ээликтеринин “жоголушу”, көп бизнес-түзүмдөрдүн мурдагы жана жаңы кожоюндарга өтүшү сөзсүз болчу нерсе. Азыркы колдоо булактарынын арасынан ири ишкерлер жана бизнесмендер, мисалы, Аскар Салымбеков тарабынан таасир этүү үчүн күрөш башталат. Дагы бир булак болуп экс-бажычы Райым Матраимов эсептелет. Акыр аягында Өмүрбек Бабанов өзү да “Республика – Ата Журт”, же кырдаалга байланыштуу жалгыз “Республика” партиясы үчүн колдоо булагы болуп саналат.

Активдүү саясый турмуштан кетүүгө аргасыз болгондордун көбү эми саясат айдыңында кайрадан пайда болушат. Алар Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Канатбек Исаев, Темир Сариев жана башка саясатчылар. Эгер бошотуу тууралуу чечим өз учурунда кабыл алынса, бул тизмеге Өмүрбек Текебаев да кошулуп калышы мүмкүн. Булардын баары бийлик жүргүзүп жаткан азыркы класс менен бирдикте өлкөдөгү мындан аркы жаңы чыйырды түзүшөт. Бирок, материалдык эмес актив, тигил же бул саясатчынын кадыр-баркы, символикалык капиталы, алар тарабынан иштелип чыккан позиция деген да нерсе бар. Жогоруда аты аталган саясатчылардын арасында талашсыз кадыр-баркка эгедер кишилер да бар, аларсыз кыргыз саясатын элестетүү дегеле мүмкүн эмес. Анан албетте, коомдун кызыкчылыгы, чечимдер акыл-эстүүлүк менен кабыл алынышы үчүн парламентке ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин деңгээлиндеги, жогорку профессионалдык даярдыктагы депутаттардын категориясына кирген, азыркы саясый маданияттагы кишилер сөзсүз келиши кажет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: