Экс-президент Аскар Акаевдин «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» урааны жакшы кызмат өтөгөндөй болду. «Кыргыз өлкөсүнө кирип-чыккан жарандар тууралуу так маалымат жок. Бул жакшы эмес» деп депутат Аалы Карашев парламент жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү коопсуздук маселеси жакшы каралбай жатканын айтты.
Ал эми депутат Жанар Акаев Кыргызстан аркылуу ташылып жаткан баңгизаттар тууралуу маселени козгоду. «Дүйнөдөгү баңгизаттын 10 пайызы Кыргызстан аркылуу ташылып өтөрү боюнча маалыматтар бар. Ооганстандан бизге келип, Орусияга, андан ары дүйнөгө тарайт экен» деди Акаев.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ