Menu

Кайсы айымды президенттикке таптаса болот?

Бөлүшүү:
Биз бир катар саясатчы айымдардын тизмесин тизмектеп, “Булардын кимисин президенттикке таптаса болот?” деп сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоого катышып жаткан адамга саясатчы айымдардын болжолдуу тизмесин сунуштадык. Мисалы, Аида Салянова, Жылдыз Жолдошева, Эркингүл Иманкожоева, Эльвира Сариева, Жылдыз Мусабекова, Чолпон Жакупова, Рита Карасартова, Токтайым Үмөталиева, Айнура Алтыбаева, Бөдөш Мамырова, Азиза Абдурасулова, Алтынай Өмүрбекова, Надира Нарматова, Карамат Орозова, Дамира Ниязалиева, Элмира Ибраимова жана башкалар. Сурамжылоого катышып жаткандар жалаң мырзалар болуп, тизмедеги айымдардын бирөөсүн аташы керек эле. Мырзалардын айрымдары президенттикке татыктуу деп санаган айымдын атын атап, буга өз аргументин келтирсе, айрымдары так секирип “Аял үйдө отурушу керек”, “Бирөөсү дагы татыктуу эмес” дегендер дагы чыкты.

Мирлан БАКИРОВ, ЖК депутаты: “Аида Жеңишбековнадан мыкты президент чыкмак”
-Кыргыздын менталитетинде илгертеден “Аял– үйдүн куту” деп айтылып, орду дайыма коломтодо болуп келген. Бирок турмуштун ар кандай шарттарына карап, айымдардын арасынан да чыгаан кыз-келиндер чыккан. Мисалы Жаңыл Мырза, Уркуя Салиева, Курманжан датка сыяктуу. Жалпы эле айымдардын коомдо өзүнүн алган орду бар. Сиздин сурооңузга түздөн-түз жооп бере турган болсок, сиз атап кеткен айымдардын баарын президенттикке таптаса болот. Эгерде тажрыйба жагына токтоло турган болсок, Аида Жеңишбековнаны таптаса, андан мыкты президент чыкмак.

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясый серепчи: “Элмира Ибраимова иштин көзүн билет”
-Менимче, Элмира Ибраимова татыктуу. Ал Москвадан билим алып келип, парламентте, өкмөттө, эсеп палатасында иштеген, тажрыйбасы бай. Калган саясатчы айымдардын баары чала юрист, мугалим, экономист жана башка кесиптин ээси. Партиянын тизмеси менен депутат болуп калышкан. А Элмира Ибраимова андайга кошулган эмес, иштин көзүн мыкты билет.

Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, коомдук ишмер: “Коомубуз президенттин аял киши болушуна даяр эмес”
-Бүгүнкү күндө өздөрүнүн тажрыйбасынын негизинде элге чын дилинен кызмат кылып келе жаткан Элмира Ибраимова менен Аида Салянованы татыктуу го деп ойлойм. Булар билим жагынан да, тажрыйба жагынан да башка саясатчы айымдардан өзгөчөлөнүп турушат. Бирок азыр биздин коомубуз президенттин аял киши болушуна даяр эмес. Буга коом да даяр болушу керек. Мисалы, Роза Отунбаева бир жарым жылда кыргыз элине мыйзамдуулукту, тынчтыкты алып келип, баарын иш жүзүндө көрсөттү. Башка айымдар деле президент болуп келсе, дал ошондой иштешет деп ойлойм.

Кожобек РЫСПАЕВ, ЖК депутаты: “Бир да айымды президенттикке көрсөтө албайм”
-Кой ай! Бир да айымды президенттикке көрсөтө албайт экенмин. Таптаса дагы, таптабаса дагы. “Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык” деген макал бар. Ошон үчүн аялзаты үйдө отуруп эле, үй иштери менен алектенсинчи.

Кусеин ИСАЕВ, профессор: “Рита Карасартова-маселелерди коркпой бетке айтат”
-Юридикалык билими бар, кээ бир маселелерди коркпой бетке айтып жүргөн Рита Карасартова бар. Ушул кызды таптаса, бир нерсе чыгат деген ниеттемин. Экинчиси, Конституция тууралуу катуу сын-пикирлерин айтып жаткан Жылдыз Жолдошеваны президенттикке дасыктыра даярдаса, мыкты кадр чыгабы деп ойлойм. Жолдошевада ак жүрөк, эр жүрөктүк, маселени түшүнгөн сапаты бар.

Акуналы ДОСАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Аида Салянова көп маселелерге даяр болуп калды”
-Сиздер санап кеткен айымдардын арасында президенттикке татыктуулар көп. Мисалы Салянова Аиданы айтар элем. Себеби Аида Жеңишбековна көп маселелерге даяр болуп калды. Министр, Башкы прокурор болуп иштеди, азыр депутат.

Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШК төрайымынын орун басары: “Бөдөш Мамырова менен Элмира Ибраимованы таптаса болот”
– Мен Бөдөш Мамырова менен Элмира Ибраимованы президенттикке таптаса, мыкты президент чыкмак деп ойлойм. Себеби, бул эки саясатчы айымдын профессионалдык тажрыйбасы мол. Экөө тең депутат болушкан, коомдо, саясий чөйрөдө өздөрүнүн орду бар.

Курманбек ОСМОНОВ, саясатчы: “Салянова баш болуп президенттикке жарабайт”
-Аида Салянова баш болуп президент болууга эч кимиси жарабайт. Сиздер тизмектеген тизменин ичинде иштин көзүн билип, ар бир маселеде өзүнүн курч пикирлерин билдирип, татыктуу аткара алган бир эле айым бар го. Ал– Элмира Ибраимова. Бул киши мамлекеттик башкаруу эмне экенин билет. Саясатта да адилеттүү, бир позицияны карманат. Менимче, Ибраимовадан мыкты президент чыкмак.

Досаалы ЭСЕНАЛИЕВ, “Бир бол” фракциясынын секретариатынын жетекчиси: “Айымдар саясатта так болушат”
-Тизмектелген айымдардын баарын президенттикке даярдаса болот деп ойлойм. Ар бири – коомдо, саясатта өз ордун тапкан айымдар. Айымдардын өзгөчө сапаты – алар саясатта так болушат. Мисалы, потенциал жагынан ала турган болсок, Элмира Ибраимованын потенциалы бул кызматка ылайыктуу деп ойлойм.

Бактыбек КАЛМАМАТОВ, саясатчы: “Кыргызстанда президент болчу айым жок”
-Бирин да президенттикке таптаганга болбойт. Кыргызстанда президент болчу айым жок. Президент – бул журт башы. Эл башкарган адам элдин колдоосуна ээ болушу керек. Эгерде тигил же бул саясий күчтөрдүн арты менен шайланып калса, анда ал айым жетелеме болуп калат. Эл арасында кадыр-баркы жок болуп, эч кимге сөзү өтпөйт. Биздин коом андай деңгээлге жете элек. Бизде аялдар аял саясатчыга добуш беришпейт. Биздин коом таануубуз ошондой калыптанып калган. Гендердик саясат жеке көз карашта күчтүү болгону менен жалпы көз карашта алсыз. Бул– ачуу чындык.

Руслан БЕКНАЗАРОВ, “БЭК” саясий партиясынын жетекчиси: “Аял кишини үйдүн куту болууга таптоо керек”
-Негизи аял кишини жараткан назик жана камкордукка муктаж кылып жараткан. Ошондуктан аял кишини президенттикке эмес, үйдүн куту болууга таптоо керек.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Булак: ПолитКлиника 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: