Menu

Майрамбек Осмонов Турсунбай Бакир уулуна: “Сиз Акыйкатчы болуп турганда, менин эки эле көйнөгүм бар эле…”

Бөлүшүү:

Соцтармакта ырчы, пародист, кыскасын айтканда, көп кырдуу талант Майрамбек Осмоновдун мындан бир нече жыл мурун аткарган номеринин видеосу тарады. Анда, ырчы ошол кездеги депутат Турсунбай Бакир уулунун үнүнө окшоштуруп туурап, эки аял алуу маселеси тууралуу тамаша айткан.

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу өздүк баракчасына: “Эх, Майрамбек ажы, Майрамбек ажы, окшоштурупсуң… Күлдүргөнүңдүн пайдасы динибизге, коомубузга, инсанга тийсе күлдүрө бер. Иши кылып зыяны тийбесин да!

P.S. Майрамбек ажы, айтканың туура: жакын жерден үйлөнсөң – бетиңди тытып кетет. Өзүңдүн арманыңды айталбай, меи туурап айтыпсың да! Туңгуч Акыйкатчы болуп иштеп жатканымда, жердешим болуп сага турмушка чыккан, бирок сен аны бар-жоктон кур калтырып, үйдөн чыгарып салган жубайың келип ыйлап, үстүңөн арыз таштап кеткени эсиме түштү”,- деп жазды.

Майрамбек Осмонов өз кезегинде: “Ассаламу алейкум урматтуу Турсунбай ажы! Орозонуз кабыл болсун. “Мени туурай бер, иним”,-деп “Россия” кинотеатрына “Волгаңыз” менен таштап койгон кезиңиз эсиңизден чыкпаса керек (анда жаш кезим эле жөө жүргөн). Бир жерден конок болуп чогуу чыктык эле. Токтогулдан эле үйлөн десе болбой, кара-суулукка үйлөнүп, ал карындашыңыздан бакыт таптым.
Үч балам бар, Кудайга шүгүр. “Эр тагасын тартат” деп элибиз бекер айтпайт. Балдарым тагаларын тартса Ибрагим Жунусовго окшогон, кыздарым таежелерин тартса Жылдыз Жолдошевага окшогон, анда мен Кара-Сууга күйөө бала болгонума өкүнбөйм.

Сиз Омбудсмен институтунда эмгектенип баштаганда, менин эки эле көйнөгүм бар эле, кайдагы үй? Сизге каяша айтуудан алысмын, сиз жеткен даражалуу орунга менин жетишим күмөн. Сиздей таза жүргөн адамдар аз, экөө болсо, бири сизсиз. Улуу адамсыз, илим, ой жүгүртүү, адамкерчилик сизде жетиштүү. Андыктан, улуу күндүн урматына жана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кечирим сурайм. Эли-журтубузга жараткан Кудайым тынччылык берсин. Сизге болгон урмат-сыйым ошол бойдон калат, урматтуу Турсунбай ажы!”,- деп жооп берди.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: