Menu

Фото – Атамбаев онкологиялык борбордогу балдардан кабар алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июнда, Улуттук онкология борборуна барып, балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы балдарды дарылоонун шарттары менен таанышып, онкология бөлүмүндөгү палаталарга кирип, балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле оорукананын жамааты менен маектешти.

Атамбаев балдарга оорудан сакайып кетүүнү каалап, ак ниет иши үчүн онкология жана гематология бөлүмүнүн жамаатына ыраазычылык билдирди. «Эң башкысы, балдар оорубасын. Ар бир ата-эне балдарынын аманчылыгын, ден соолугун тилейт. Баланын кыйналганын көрсөтпөсүн. Балдардын ден соолугу чың болсо, биз үчүн андан өткөн чоң бакыт жок», – деди президент.

Мамлекет башчысы Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Б.Султангазиевага балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн финансылык колдоо максатында 5 000 000 (беш миллион) сомдук сертификатты тапшырды.

Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө Атамбаев менен бирге анын жубайы Раиса Атамбаева жана өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев барышты.

1 2 3 5 6 7 8 9 10 11 12 13

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: