Menu

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Сунушталган кадрлардын тажрыйбасы, адискөйлүгү, кесиптик чеберчилиги эске алынды”

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков менен Өкмөт мүчөлүгүнө сунушталып жаткан жаңы ысымдардын кесиптик чеберчилиги эске алындыбы же тааныш-билиштик же президентке жакын деген критерий менен тандалдыбы деген суроонун алкагында ой бөлүштүк.

– Рыскелди мырза, өкмөттүн курамына талапка жооп бербеген башкача айтканда, белгисиз адамдардын бар экени кайчы пикир жаратып жатат. Алар боюнча не дейсиз?

– Талапка жооп бербеген, белгисиз адамдар деген пикирге кошула албайм. Анткени, өкмөттүн беш мүчөсү жаңы адамдар. Калгандарды мурдатан иштеп келгендер. Алар министрлик кызматка эми иштегени жатышканы менен тиешелүү тажрыйбалары бар адамдар. Маселен,  социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматка  депутат Чолпон Султанбекова, айыл чарба министрине «Бир бол» фракциясынын сунушу менен Ноокендин акими болуп иштеген, экс-депутат Нурбек Мурашев, Социалдык өнүктүрүү министрлигине «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайкүл Исакунова, Юстиция министрлигине  Уран Ахмедов, Транспорт министрлигине Жамшитбек Калилов деген жаш жигит көрсөтүлдү. Булардын аты азыр аталып, министрлик кызматты эми аркалап жатышканы менен мурдатан өз тармагында иштеп келген адамдар. Маселен, Уран Ахмедов узак жылдар бою өкмөттүн, президенттин аппаратындагы юридика бөлүмүндө жетекчилик кызматта иштеген. Президенттинк аппаратта экспертизалык топту башкарган.   Жамшитбек Калилов болсо, «Кыргызжолтрансдолбоор» институтун жетектеп келген.

– Ички иштер министрлигине көрсөтүлүп жаткан Улан Исраилов жөнүндө нелерди айта аласыз? Ал жетектей турган тармактын күнгөй-тескейин жетишерлик деңгээлде билеби?

– Билсе керек. Анткени, ИИМдин системасы ага жат эмес. Ал Свердлов райондук милициясынын жетекчиси болгон. ИИМдин 7-бөлүмүн башкарган. Андан кийин  Коррупцияга каршы кызматты жетектеген. Андан кийин президенттин күзөт кызматында иштеди. Тагдырдын ташы ошого буйруптур, тобокелчиликке  салып баратат. Улан Исраилов ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып, элдин ишенимин актоого аракет кылат деген ойдомун.

– Рыскелди мырза, аты аталган адамдар  президенттин  жакыны деген критерий менен тандалып алынган жокпу? Эмнегедир коомчулукта ошондой кептер көбүрөөк айтылып жатат го?

– Андай ойдон алысмын. Эң биринчи сунушталган  кадрлардын тажрыйбасы, адискөйлүгү, кесиптик чеберчилиги каралып анан сунушталды.  Булар деле элдин, коалициянын ишенимин актоого аракет кылат деп ойлойм. Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында «өкмөттүн түзүмү эле келет, түзүмү эле келет, түшүмү качан келет» деп айттым. Куудулдар «бут эле келет, бут эле келет, куттан кабар жок» дегендей болуп жатат. Кандай болгон күндө да алардын түшүмүнө баа беришибиз керек.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: