Menu

Кара-Кулжада ооруканага жаткырылган 12 адам күйдүргү экени аныкталды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйдүргүнүн белгилери менен ооруканага жаткырылган 12 адамга “Сибирь жарасы” (күйдүргү) диагнозу коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Ал Республикалык карантиндик өзгөчө коркунучтуу оорулар борборунун директору Сабыржан Абдикаримовдун сөзүнө таянып билдиргендей, беш оорулуунун териси күйдүргү экени лабораториялык жол менен тастыкталды. Ал эми калгандарыныкы клиникалык-эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгы менен такталды. Мындан сырткары, мал сойгон жайга жасалган анализ оору жукканы тууралуу жыйынтык берди.

Учурда 12 адамдын үчөө бейтапкадан чыгарылды, калгандары Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланууда. Сөз болуп жаткан кишилер уйдун этин жешкени айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: