Menu

Жылдыз Жолдошева Отунбаеванын фондун текшерүүнү талап кылды

Бөлүшүү:

Өткөөл мезгилдеги экс-президент Роза Отунбаева айылдык тургундардын дарегине одоно сөздөрдү айткандыгы үчүн ал жетектеген фондду текшерүү талабын экс-депутат Жылдызкан Жолдошева талап кылды.

– Кантип ушинтип айтууга оозу барды, айылдыктар ошол маданияттуу жарандарды багат го,- деди кыжырданган мурдагы эл өкүлү. – Биздин өлкөгө акча которуп, экономиканы көтөрүп келаткан мигранттардын дээрлик бардыгы да айылдыктар. Мен өзүм деле айылдыкмын, Отунбаевага мындай сөздөрдү айтууга жол бербейм. Ал качандыр бир кезде биздин өлкөнүн бардыгына жана ошол маданияты төмөн адамдарга жоопкерчилик алганын унуткан го. Бул, бирок трагедияга гана алып келген жана ал ушуга чейин ал үчүн жооп бере элек.

– Ал акчаны кайдан алат жана алар кайда жумшаларын аныкташ керек – деди экс-депутат. – Отунбаева өткөөл мезгилдеги президент катары элди бириктириш керек. Ал болсо, тескерисинче жарандарды маданияттуу-маданиятсыз кылып экиге бөлүп жатат. Мындай жоругу үчүн экс-президенттик статусун дагы алып салууга болот. Атамбаев өзүнүн кылгандары үчүн жооп берип жатат го. Ал дагы жоопкерчилик тартсын. Ал эми айылдыктар керек болсо көптөгөн шаардыктарга караганда маданияттуу – алар жок дегенде биздин салт-санааларыбызды сакташат.

Бирок азырынча эч кайсы мамлекеттик органдар экс-депутатгын экс-президент тууралуу талабына жооп берише элек. Чын эле ойлонбойбу же атайлап элеби, кыргыз элин шаардык жана айылдык кылып бөлгөндүгү үчүн жалпы кыргызстандыктардын алдында Роза Отунбаева кечирим суроого тийиш.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: