Menu

Нарында электр баасына нааразылар митингге чыкты

Бөлүшүү:

Нарында электрдин баасына байланыштуу акция өтүүдө. “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, ушу тапта облустук акимчиликтин алдында 50 чакты адам чогулуп турат. Алар электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгууну талап кылууда.

Жаратылыш шартына байланыштуу кышында электр баасын 77 тыйындан гана төлөөгө уруксат берүү жана көмүрдү мамлекет бекиткен баадан жогору сатпоо талаптары айтылууда.

Акциянын катышуучулары билдиргендей, мурда өкмөткө жөнөткөн катка жооп келген, анда тарифтер жыл аягына чейин өзгөртүлбөй турганы айтылган.

Кыш катаалданган мезгилде Нарын облусунда көмүр таңсыктыгы байкалып, баа кескин көтөрүлгөн. Ал эми айрым үй-бүлөлөргө бир айлык жаккан электр энергиясы үчүн 5 миң сомдон жогору эсеп келип жатканы элдин нааразылыгын туудурган.

Быйыл Нарында сууктун күчү айрым жерлерде -35…-40 градуска чейин жетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: