«Кумтөрдөгү» алтынды толук иштетүү үчүн айрым мөӊгүлөрдү башка жерге көчүрүү зарылдыгы жаралды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам долбоорунун алгачкы вариантында көп мөӊгүлөр, анын ичинде «Кумтөр» кениндеги «Сары-Төр мөӊгүсү да бар болчу, бирок аларды кийин алып салдык. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеӊеште мөӊгүлөрдүн алдындагы кендерди иштетүүгө жол бере турган “КР Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
«Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн баштапкы долбоорунда «Кумтөр» кениндеги «Сары-Төр» мөңгүсү да бар болчу. Бирок, Жогорку Кеӊештин депутаттары каршы болгондуктан, ал сунуш алып салынды. Азыркы мыйзам долбоорунда эки мөңгү – «Давыдов» жана «Лысый» мөӊгүлөрү гана камтылды. Андан башка мөңгүлөр жөнүндө сөз жок.», – дейт вице-премьер-министр.
Андан тышкары, ушу тапта «Давыдов» мөңгүсүнүн 45-50 пайызы, «Лысый» мөӊгүсүнүн 10 пайызы казылган карьер алкагына тушташ жайгашып калганы, эми ошолорду башка жерге көчүрүп, “Кумтөрдүн” ишин улантууга уруксат берүү зарылдыгы жаралганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ