Бакиев доору бүтүн Кыргызстанга кайгы салса да айрымдарга асмандагы айды да алып оергени менен тарыхта бар. Айталы, Максимчиктин кареги менен тең айланып, ага пул жасап берип, андан өзүнүн да оозун майлагандар болгон. Ошолордун бири деп айтылып жүргөн Исхак Пирматов ушу тапта депутат болуп олтурат. Кызыгы кезинде бул мырзанын артынан кылмыш иши козголуп, бирок парламент аны укук коргоо органдарына бербей койгон. Бирок, ушу тапта кылмыш иши козголгон депутаттарды жөн эле камап коюп атышат. Анда неге Пирматов жоопкерчиликтен сырт калып атат? Ушул жагы таң калыштуу. Же анын колдоор кожосу күчтүү болуп жатабы? Мыйзам жолундагы ачык коом курууда Исхак Пирматовго окшогон байбаччалардын артын казып, акыйкат баа берүү керек эмеспи. Же мыйзам буларга өтпөйбү?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ