Menu

Кандай болсо да, эмне болсо да Сапар Исаков кесилиши керекпи?

Бөлүшүү:

Ар бир нерсени деталдаштырып айта берсек узун сөз. Ортосунан эле оюп айталычы, Сапар Исаков өзү айткандай эле саясий туткундун курмандыгы болуп калганын убакыт утурлаган сайын, регионалдык тар түшүнүктөн алыс, баарына тунук ой менен калыс караган калың контингент чыны менен эле ага козголгон кылмыш ишинде саясий боек бар экенин күн өткөн сайын тереңдеп сезишүүдө. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо мыйзам бузган деген кине менен алгач 2018-жылдын 26-апрелинде, андан соң 14-майда, кайра 29-май күнү УКМКга сурак берип, (анан ал кимдир бирөөнүн шартына макул
болбой жана өзүнө коюулуп жаткан күнөөнү четке кагып туруп алганда) Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 5-июнь күнү УКМКнын абагына киргизилет. Андан бери алты айга жакын убакыт өттү. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү аракеттеринде да эмне деген гана бир тараптуу иштер болуп келгенин, соттор «ненин» негизинде кандай чечим чыгарып жатканы көпчүлүккө байкалып эле турду. Жаңы-жыл алдында, 18-декабрь күнү Бишкек шаардык сотундагы отурумда Сапар Исаковдун абакта калуусуна ким жеке кызыктар болуп жатканын, а тургай ошол «кудуреттүү адамдын» ким экенин да атап өттү.
Андан соң УКМКнын тергөөчүлөрү ага ТЭЦ боюнча мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 миң доллар зыян келтиргенин «аныктадык» деп тергөө соңуна чыкканын кабарлаганына коомчулук да кабардар болду. Мындай күнөөлөө боюнча С. Исаковдун
адвокаттары «ал айыптардын баары божомолдор менен жоромолдорго гана негизделген, эч бир материалдык факт жок, далилдер келтирилген эмес» деп чыгышты.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй тергөөчүлөр тергешкен, айып койгон иштерин Исаковдун адвокаттарына улам чекесинен берип жатып акыры жалпысынан 53 томдук ишти жактоочулардын колуна карматышты да, алар 25-январга чейин таанышып бүтүп, сотко өтүүсү керек экендиги билдирилди. Адвокаттар кылмыш иши менен таанышып чыгуу шартылдатып адабий китепти окугандай эмес экенин, андагы тергелген иштин ар бир эпизодуна, маанисине терең анализ керек экенин айтып, мындай кыска аралыкта 53 том менен таанышып чыгуу физикалык жактан да эч мүмкүн эмес экенин айтышып, сотко даттануу ириетинде кайрылышты.

Дагы бир жагдай, акыркы моменттерде Сапар Исаковдун борборубуздагы тарых музейин реконструкциялоодогу курулуш иштери боюнча да аны айыптаган кылмыш ишин козгоп салышты. Тергөөчүлөрдүн бул аракети коомчулуктун назарында (ачыктап айтканда) каратып туруп эле күчкө салып, өтө эле ашепке аша чаап кеткендей туюм жаратты. Себеби, тарых музейин оңдоп-түзөө иши Өкмөттүн карамагында каралган маселе болгону, ал туурасында ошол кездеги премьер-министр С. Жээнбеков бир эмес эки ириет андагы документтерге кол койгону айтылат. Ошондой эле реконструкцияны тейлөө да Өкмөттүн иши экенин, жоопкерчилик Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы архитектура, курулуш агенттигине милдеттендирилгени андагы документтерде көрсөтүлүп турат. Ал эми башка жагдай, борборубуздагы Улуттук тарых музейин оңдоп түзөө иштери кандай сапатта жүргүзүлгөнү туурасында айта турган болсок андай музей Орто Азияда жок экени айтылып жатат. Музейдин ичин көргөн айрымдар тамшануу менен кеп кылып жүргөнүн да угуп жатабыз. Баса, жакында эле Politmer изилдөө-маалымат порталынын
берген баасында Кыргызстан эгемендик алгандан бери Кыргыз Өкмөтүнүн тарыхында Сапар Исаков өлкөнү заманбап шартта электрондук санариптештирүү боюнча алгылыктуу иштерди жасаган алгачкы премьер-министр катары аталды. Эгерде Сапар Исаков ит күлүгүн түлкү сүйбөгөн саясий оюндардын курмандыгы болбогондо анын баштаган «Таза коом», «Акылдуу шаар», «Түндүк» долбоорлору жалпы элдин жашоо шартындагы ыңгайлуулугу үчүн кандай гана сонун нерселерди тартууламак… Мындай жигиттерди түрмөгө тыгып эмес, алардын акылын, күчүн, энергиясын мамлекет үчүн иштетсек чиновниктер үчүн болбосо да, жалпы эл үчүн аябагандай эле чоң пайдасын тийгизмек.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: