Жаңы жыл алдында, 24-декабрда таңы саат 05.00. чамасында Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургуну, 1993-жылы туулган С.Э.нин үйүнө 3 белгисиз адам кара беткаптар менен кирип келишип, күч колдонуу менен анын колу-бутун байлап салышып, акча талап кылып, ысыган үтүктү бутуна басып кыйнашкан.
Акырында 4000 сомун, кол телефонун жана алтын буюмдарын алып, качып кетишкен.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл райондук милициясы КР Кылмыш-жаза кодексинин”Каракчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө алган. Натыйжада бул кылмышка шектелип, 5 жаран кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ