Menu

Фото – Алмазбек Баатырбеков: Пандемияда мугалимдер маанилүү ишти аткарууда – балдарга билим берүү үчүн болгон аракетин жумшоодо

Бөлүшүү:

Коронавирус инфекциясынын пандемиясына карбастан мугалимдер маанилүү ишти аткарууда – балдарга билим берүү үчүн болгон аракетин жумшоодо. Бул тууралуу Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада КР биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков КР Өкмөтүнүн атынан мугалимдерди куттуктоосунда билдиргенин бүгүн, 5-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«2019-2020-окуу жылынын акыркы айларында мугалимдер менен бирге окуучулар жана ата-энелер окутуунун жаңы технологияларын өздөштүрө алышты. Бул чоң жетишкендик. Ошондой эле аралыктан билим берүүдө айрым көйгөйлүү маселелер боюнча  нааразычылыктар бар. Бирок ага карабастан былтыркы окуу жылды үзгүлтүккө учурабай аяктадыңыздар», – деди Алмазбек Баатырбеков.

Ошондой эле ал мугалимдерди колдоо жана билимдин кадыр-баркын калыптандыруу мамлекеттин, Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

«Өкмөт мугалимдерди колдоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзөт. Былтыр алардын эмгек акысы жогорулатылды. Педагогикалык багыттар боюнча бюджеттик орундардын саны 2000ге чейин көбөйдү, бул багытта билим алып жаткан студенттер үчүн стипендия эки эсе көбөйдү, биринчи кезекте мугалимдерди турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик ипотекалык программа киргизилди», – деп айтылат куттуктоодо.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдерге КР Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат), алкыш баракчалары тапшырылыды.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: