Menu

АКШда мигранттарга каршы жарлыктан кийин демонстрациялар күчөдү

Бөлүшүү:

Президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгынан кийин АКШда он миңдеген адам көчөлөрдө, аэропорттордо чогулуп, нааразылыгын билдиришүүдө.

Чек ара кызматы Трамптын көрсөтмөсүн аткарып баштаган соң, Нью-Йорк, Вашингтон жана Бостон аэропортторунда митингдер башталды. Каршылык акциялары АКШнын батыш аймактарына дагы жайылды.

АКШны “чет элдик террорчулардан” коргоону убада кылган президент Трамп 27-январда жети мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин, токтотууну караган жарлыкка кол койгон эле.

Ал мусулман өлкөлөрү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен.

Бул тартиптен кийин аэропортко келгендердин ичинен жүздөгөн адам кармалып же депортацияга дуушар болушту. Эң эле чоң каршылык акциясы Төмөнкү Манхэттендеги Бэттери-Паркында өттү. Ал жерде мигранттарды кабыл алуунун символу болгон Эркиндик Айкели көрүнүп турат.

Манхеттендеги акцияга катышкандардын саны 10 миңге жетти. Вашингтондо миңдеген адам Акүйдүн каршысындагы Лафайетт аянтына чогулушуп, качкындарды колдоп ураан салып турушту.

Эки аптадан бери Вашингтон каршылык акцияларынын майданына айланды. Өткөн ишембиде жүздөгөн аял Трампка каршы митингге чыккан. Жекшембиде алар президентке тиешелүү мейманкананын алдына келип, нааразылыгын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: