Menu

Асманга ок аткан айдоочу кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-декабрда, чак түштө асманга ок аткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 5-декабрда, саат 13.42де Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде болгон. Тoyota Camry үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу эреже бузуп, айнегин ачып, тапанча алып чыгып, асманга аткан. Аны көргөндөр милицияга билдирген. Ага издөө жарыяланып, бат эле табылып, “МР-371” үлгүсүндөгү машина айдаган айдоочу, 1996-жылы туулган Д.М. аттуу бала кармалган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Андан огу жок сигналдык тапанча алынган. Бул боюнча учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери башталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: