Menu

Ашынган алдамчы кылтакка илинди

Бөлүшүү:

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында алдамчылыкка шектелип Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ушул эле жылдын апрель-май айларында жогорудагы атуул Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында дарыланып жатып, ошол жерде чогуу дарыланып жаткан оорулууларды жана медицина кызматкерлерин алдап, өзүн Кытай Эл Республикасында окуп билим алып, иштеп келген дарыгер, атын «Азамат» деп тааныштырган. Андан ары Кытайга барып окуу үчүн виза ачтырып беремин деп аларды алдоо жолу менен ооруканадагылардын ишеничине кирип, акчаларын алып изин суутуп кеткен. Көрсө бул эргул “Одноклассник” социалдык түйүнүнөн Өзгөн районунун Зергер айылында жашаган Темирбаев Азаматтын өздүк маалыматтарын интернеттен алып, өзүн элге «Азаматмын» деп тааныштырып жүрүптүр. Иликтөө учурунда бул эргулдун алдамчылык фактылары менен издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Кызыл-Кыя ШИИБинде бул боюнча 6 факт арыз катталып, изкубарлар тарабынан иликтөө иштеринин негизинде Р. М. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Аталган кылмыш ишин ачууда Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын капитаны Эрмек Нарматов жана милициянын ага лейтенанты Тынчтыкбек Абдиевдер өзгөчөлөнө алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: