Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинде иштеген 3 миңдей адам жумушун үйдөн улантмай болду. Баш катчы Антониу Гутерриш жумушчуларды үч аптага чейин кеңсеге келбөөгө буйрук чыгарды. «Коронавирустун айынан ушундай чечим кабыл алынып жатат. Силердин саламаттыгыңар биз үчүн өтө маанилүү. Оорубагыла, мээримдүү болгула», – деп жазган ал кызматкерлерге. Мындай чечим БУУнун баш кеңсесиндеги Филиппиндердин өкулчүлүгүнөн СОVID-19 вирусу аныкталганда кабыл алынды.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө вирусту жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Баш-аягы 5 миң киши көз жумуп, 70 миңдей адам айыгып чыкты.
Булак: “Мантыш”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ