Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып жатып: “Тендер дегенди “тең жемей” деп которуп алыптыр эл ичинде” деп билдирди.
Өкмөт сунуштаган “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулоодо Б.Субанбеков көчөлөргө видео камераларды орнотуп коюу менен эле жол коопсуздугуна байланыштуу бардык көйгөй чечилип кетпей тургандыгын белгилеп: “Мына Бишкек-Ош жолунда, Бишкек-Торугарт жолунда канчалаган автокырсыктар болуп, адам өмүрлөру кыйылып жатат. Ушуга карап, терең анализ, талдоо жургүзүү керек да. Айдоочулардын даярдыгы кандай, аларга айдоочулук укукту ким берип жатат? Айдоочуларды даярдаган окуу жайлардын деңгээлин дагы текшерип, көзөмөлдөп туруу керек” деди.
Ал эми “Коопсуз шаар” долбоору боюнча: “Алты жылдан бери созулуп келатты эле, кантсе да тендерди бүтүргөнүңөр жакшы болду. Бирок, бизде тендерге байланыштуу коррупция күчөп кетти. Ошондуктан, бизге инвесторлор дагы келбей жатат. Барсаң эле, бирдеме сурашат” деп, жогорудагы “элдик афоризмди” кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ