Menu

Лейлектен чыгып Римди багындырган Орозбек Бакытов

Бөлүшүү:

Кыргыздын өзгөчө таланттуу уулдарынын бири Орозбек Бакытов коомчулуктун назарына илинип турган чагы. Операны катыра аткарган Орозбек адегенде Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда билим алып, кийин консерваторияга тапшырган. Ага катар Дипломатиялык академияны сыртынан бүтүргөн. Билимдин артынан сая түшкөн жигит Римдин вокал академиясына чейин жетип, ийгиликтүү бүтүрүп келди. Учурда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эмгектенип жатат. Биз ММКларда берген маектерине кулак төшөдүк.

Окуучулук курак

—Мен Баткен областынын Лейлек районундагы Раззаков айылында чоңойгом. Белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаков биздин айылдан болот. Атам бизнесмен, мебель чыгарган чакан цех иштетет. Апам ага жардамчы. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз: улуу агам, үч эжем бар, мен эң кичүүсүмүн. 8-классты бүтүргөндөн кийин Лейлектен Бишкекке алып келишти. Жакшы окудум, активист элем, бир дагы иш-чара менсиз өткөн жок.

Жогорку окуу жай

—Мектептен кийин атам тилди өздөштүрүү жөндөмүмө карап ТИМдин дипломатиялык академиясына тапшыртып, ошол маалда ырды унутпашымды суранды. Андыктан К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырдым. Бир учурда эки университетте окуп, түшкө чейин Дипломатиялык академияда, түштөн кийин консерваторияда билим алдым. Окуудан кийин түнкү 10го чейин театрда пианино ойноп, ырдап жүрдүм. Ата-энем менин түн жарымына чейин жүргөнүмдү көрүп, үйдө болушум үчүн айылдагы малды сатышып, пианино сатып беришти. Менин беш жылым ушинтип өттү.

Италияга сапар

—Операны өздөштүрүш үчүн Италияда окуганды абдан самадым. Интернет аркылуу Рим опера академиясынын расмий сайтына кирип, шарттары менен таанышып, кат жазгам. Ага өзүмдүн үнүм, өң-келбетим чагылдырылган аудио, видеофайлдарды кошо тиркедим. Алар мени окууга тапшырыш үчүн сынакка чакырышты. Ошентип, документтеримди ырастап алып, 2015-жылы бул жакка келдим. Албетте, өтүү оңой болгон жок. Анткени Кыргызстандан келгенде тил билчү эмес элем. Буга чейин Кыргызстанда консерваторияда жана опера театрында солист болуп эки жыл иштегем. Анын үстүнө италиялыктар «эки кулак эмес, төрт кулак менен» угушат. Талаптары күчтүү, өз принциптери, эрежелери бар. Ошолордун баарына дал келишиң керек. Тапшырганда Италиянын белгилүү опера ырчысы Ренато Брузон өзү угуп, ким жарай турганын ачык эле айтып жатты. Кудай буйруп, мен өтүп кеттим.

Римдеги күндөр

—Италияда 3 жыл окудум. Миланда стажировка жасап, тажрыйба топтодум. Европа, анын ичинде Италияда операны жакшы кабыл алат. Алардын канына сиңген деп айтсак болот. Биз Манасты жана төкмөлөрдү укканда эргисек, алар операны укканда чери жазылат. Ал жактан жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мындан ары иштешели деген сунуштар болду. Бирок бул жактан долбоор менен кеткендиктен, кайтып келдим.

Операны милдеттүү кылганда өнүгөт

—Опера деген маданияттын эң бийик чокусу. Баары ушул операдан башталат. Бара-бара элибиз операны, нукура үндү, шыгы талантты баалай баштайт деп үмүттөнөм. Элди операга, театрга тартыш үчүн туура жарнама керек, элди кызыктыра ала тургандай кылып жарнамалаш керек. Опера менен театрга барууну жаштар арасында модага айлантуу зарыл. Бизде мектептен баштап университеттерге чейин театр же операга барууну окуучу-студенттер арасында милдеттүү кылыш керек. Эгер мажбурлоого өтпөсөк, искусство өнүкмөйүн, өнүгүү болбойт. Кыйналса да, кызыкпаса да арга жок бара берсе, акыры бир күнүтүшүнөт.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: