2022-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарына тандоо этабынын биринчи раундун Кыргызстандын улуттук курама командасы ийгиликтүү өтө алды. Бул тууралуу аталаган спорттун түрү боюнча федерациясы 11-ноябрда билдирди.
Биринчи раунд 8-ноябрда башталып, Кытай менен Люксембургда 8 команда эки тайпага бөлүнүп ойноду. Кыргызстан Босния жана Герцеговина, Бириккен араб эмираттары (БАЭ) жана Люксембург менен бир тайпада болду.
Кыргызстан алгач БАЭ менен Люксембург менен ойноп, экөөнү жалпы 14:7 эсебинде утуп, акыркы оюнга чейин эле тайпадан чыга алды. Эми Босния жана Герцеговина менен ойноп, эсеп кандай болбосун, Кыргызстан биринчи орунда калат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ