Саясатчы Азимбек Бекназаров 12-апрелде элдик курултай боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Бекназаров мамлекеттин бюджетине зыян келтирген коррупционерлердин баары Жогорку Кеңеште отураарын белгилеп: “Эгерде бийлик коррупционерлердин атын ачык айтпаса, анда биз элдик курултайда кайсы коррупционер кайдан, канча алгандыгын айтып беребиз” – деп билдирди. Муну менен Бекназаров коррупционерлер менен бийликке шарт коюп, соодалашууну көздөп жатканы же чындап күйүп-бышып жатканы курултайда билинет. Унчукпай, билмексен болсо, жеке кызыкчылыгын ишке ашырып соодалашып алган болот.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ