Бүгүн, 9-ноябрда, Өзбекстан мамлекетинин Ташкент шаарында 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында футболдук мелдеш өтөт. Ага биздин футболчулар катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүнкү матчты түз алып Кыргызстанга көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Футбол федерациясы жүргүзүп жатат. Өзбекстандын курама командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө кыргызстандык командадан жарым коргоочу Алимардон Шукуров, коргоочу Виктор Майер жана капитан Валерий Кичин футбол талаасына катышпайт.
Эске салсак, кыргыз футболчулары 14-ноябрда япониялык, 19-ноябрда тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Эки оюн тең Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ