Menu

Сирияга кеткендердин жакындары президентке кайрылышты

Бөлүшүү:

Балдары Сирияга кетип калган кыргызстандык энелер жана алардын туугандары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты. Алар адашкан балдарын, неберелерин жана туугандарын аман-эсен мекенге алып келип берүүнү өтүнүп жатышат.

Мамлекет башчыга үмүт арткандардын айтымында, уул-кыздары, туугандары Сириядагы баш калкалоочу лагерлерде оор-шартта күн кечиришүүдө. Телефондон байланышка чыгып, мамлекеттен жардам күтүп жатканын билдиришкен.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер, көбүнүн балдары бар.

Сирияда 2011-жылы оппозиция менен бийликтин тирешинен башталган башаламандык диний экстремисттик топторго шыкак берип, апаатка айланды. Миллиондогон сириялыктар башка өлкөлөргө бозгун болуп кетти.

Кыргыз өкмөтү ал Ирактагы жана Сириядагы кыргызстандык аялдарды, балдарды алып келүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: