Menu

Өмүрзак Төлөбеков, кинопродюсер: “Эми “Караханий таажысын” Нью-Йорк, Стамбул, Дубайда тартабыз”

Бөлүшүү:

— Өмүке, жаңы тасмаңыздар бир канча өлкөлөрдө тартылганы жатканы тууралуу маалыматтар кете баштады. Эмне тасма, кайсы өлкөлөрдө тартылмакчы?

— “Караханий таажысы же алтындан кымбат махабат” аттуу көркөм тасма. Бишкекте, Астанада, Ташкентте, Москвада, Стамбулда, Дубайда, Нью-Йоркто тартылмакчы, буюрса.

— Көп өлкөлөрдүн актёрлору катышабы?

— Ооба, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Россиянын белгилүү киноактёрлорун чакырмакчыбыз.

— Кандайча 7 өлкөдө тартылат? Кыскача окуясын айтып бербейсизби?

— Астанада иштеп жүргөн казак жигит Айдар башына иш түшүп, карызга батып, чоң атасы бир кылымча мурда Кыргызстанга бекиткен алтынды издеп келет. Жээни Жанузак бул убакытта үй-бүлөсү менен Америкада жашап аткан болот. Айдар алтын издеген аппарат үчүн алтын кенге жумушка кирет. Комбинаттын директору Исаев казак ханынын тукуму Айдарды, өзбек досу Бахтиярды ээрчитип Стамбулга барып, илгери, XIII кылымда олжолонуп кеткен Караханий каганынын алтын таажысын издейт…

— Байкуш Айдар анан чоң атасынын алтынын, комбинат директору Караханий таажысын табабы?

— Ал жагын буюрса тасмадан билесиздер.

— Бир канча өлкө катышса, демек, эл аралык долбоор экен да?

— Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын кинокомпаниялары биргелешип тартмакчыбыз.

— Мамлекеттик киностудияларбы?

— Жок, эркин киностудиялар.

— Үч мамлекет биргелешкен бул эл аралык ири кинотасма көрүүчүлөргө качан тартууланмакчы?

— Кудай буюрса, май айларында го болжолу.

— “Президент жана БОМЖ”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” аттуу даректүү тасмаларын тартып, эл аралык көрүүчүлөргө тартуулап, көп өлкөлөрдү кыдырып жүрөсүз. Жакында соцтармактарга Бишкекте 30-50 кабат имараттардан турган “Манас” бизнес кичирайонун курууну сунуштадыңыз. Бул кызыктуу демилгеңизди кеңири чечмелеп берсеңиз?..

— Ооба, чыгармачылык сапар менен бир катар өлкөлөрдө болууга насип буюрду. Алыскы өлкөлөрдү жөн коюп, кечээги союздаш, жамаатташ Россия, Казакстан, Азербайжан, Чеченстандын борбор калаалары Москва, Астана, Баку, Грозный шаарларындагы асман тиреген 30-50 кабат бийик имараттарды көргөндө дайыма көз да, ич да өрттөнөт. “Чиркин, биздин Бишкекке ушундай сөөлөттүү көк тиреген имараттар курулуп, Кыргызстаныбыз асман тиреп өссө!” деп арман кылабыз. “Көз коркок, кол баатыр” дейт. Кудай буюрса, Бишкегибиз деле ошентип асман тиреп өсөрүнө бекем ишенем.

— “Ой жеткенге кол жетпейт” демекчи, каржы маселеси кендирди кесет да…

— Астанада мисалы, көк тиреген имараттардын бирин “Казак темир жолу” курган өзүнүн мекемеси кылып. Бизде деле “Кумтөр”, “Мегаком”, “Дордой”, “Аю”, “Бозумчак”, “Манас” аэропорту өңдүү бай ишканалар, бизнес тутумдары бар эмеспи. Атамбаев, Салымбеков, Бабанов, Түлеев, Абдыкеримов сымал байманалуу бизнесмендерибиз турушат тирелип. Анан да Назарбаевчесинен чет өлкөлүк бай компанияларды тартса болот… Кыргызстан менен жакындан кызматташып жүрүшкөн Ибраимов, Шодиев, Бажаев өңдүү эл аралык денгээлдеги олигархтарды чакырсак… Бишкектин четинен, жер титирөөгө туруштугу күчтүүрөк аэропорт тараптап атайын жер бөлүп, “Манас” бизнес кичирайонун уюштуруп, ушул мекемелер менен бизнесмендердин ар бирине бирден 30-50 кабаттуу бизнес имараттарды салууну сунушташса, менимче, алар мындай зор тириликке жарамдуулук кылаар эле. Ошондо баш калаабыз, Кыргызстаныбыз өсүп, жүз миңдеген жумушчу орундары ачылып, чет өлкөлөрдө жүргөн жигит-кыздарыбыз келишмек. Казынабызга ыңкыган каражаттар куюлмак…

— 40 кабат имарат курууга чамасы жетээр бизнесмендер табыларына ишенесизби?

— Көп кабаттуу турак үйлөрдүн чарчы метри Бишкекте орточо 400 доллардан куруларын эске алганда, 100х100 метр, бир кабаты 1000 чарчы метр болсо, 40 кабат имарат 40 миң чарчы метр, демек, 40 кабат бир ири имарат 16 миллион доллар. А бизде 100 миллион доллардан ашык дүнүйөсү бар байлардын саны 100дөн ашары айтылып-жазылып жүрбөйбү? Экинчиден, мындай имараттар бизнес багытта болот. Мейли, астыңкы кабаттары унаа токтотмо, дүкөн, тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү пункттар, андан жогорулата офис, мейманкана, квартира… Кыскасы, курулушка акча салган бизнесмен кайра андан көп жылдап көп байлык кайтарат. Мындай кирешелүү тармакка чет өлкөлүк акчасы бапыраган бизнесмендер да ойлонбой келишмек.

— “Аэропорт жак” деп атпайсызбы, ал тарап саздак жана чиркейлүү эмеспи. Ошондуктан андай имараттарды тоо тарапка куруш керек го?

— Арийне, абасы таза, салкын, жогору тарап жакшы болмок. Бирок, ал тарап жер титирөөгө туруштугу ылдый деп эсептелип жүрөт да. Адистер туура көрүп, уруксат беришсе, мыкты болмок. Ал эми сазды кургатып, чиркей аттууну кууп атышпайбы?

— Бишкекте 20-25 кабат имараттар курулуп эле атат го?..

— Ооба, ар-ар жерде курулуп чачылып, шаарга көрк бере албай атат. Ошон үчүн бир жерге топтосок, көк тиреген имараттардын ансамбли шаарыбыздын көркүн жана сөөлөтүн көтөрбөйт беле?

— Сиздин сунушка соцтармактарда бир топтор, мисалы, Гуля Саматова: “Жакшы ой. Чындыгында байларды куугунтуктабай, иштетиш керек эле. Чет өлкөдөн тажрыйба алышса болмок” деп ой бөлүшүптүр.

— Туура. Керек болсо, биз “миллиондогон эмес, миллиарддаган доллар алып кетишти” деп жер тепкилеп, бирок, 8-13 жылдан бери эч нерсе кыла албай келаткан Акаев менен Бакиевди да айтып, негизги байлыктарынын мураскорлору эсептелген Айдар менен Максимге шарт койсок болмок, “келип, бирден 50 кабат имарат салып, элиңерге кызмат кылгыла” деп. Муну “каржылык реабилитация” дейт эл аралык практикада.

— “Кыргызстан сейсмологиялык жактан коркунучтуу аймакта турат. Небоскрёб курууга жол берилбейт” деп ой бөлүшүптүр сиздин Фейсбуктагы билдирүүгө Кубан Халилов…

— 25 кабат имараттар курулуп атат. Демек, 30 кабат курсак болот. Кеп аларды бир жерге топтоп, Астанадагыдай мыкты архитектура менен, шар, пирамида, айтор, ар кандай кооз формада курууда турат. Ошондо шаарыбыздын көркү, облиги мыкты өзгөрмөк.

— Мындай кызыктуу, борборубуз, өлкө үчүн абдан пайдалуу сунушуңузду буга дейре көтөрдүңүз беле?

— Муну мен көптөн бери эле ойлоп жүрөм. Өткөн жылдагы президенттик шайлоо учурунда башкы атаандаштар Жээнбеков, Бабанов, Сариевдердин башкы кеңешчилерине билдиргем. Эми сиздердин барктуу басма сөз аркылуу бийлик башчыларга, президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Сапар Исаковго, жалпы кыргыз коомчулугуна кайрылгым келет.

Бекбол Айдаров

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: