Бишкек шаары жана Чүй облусунан келген 180 жетим балага бир жылдык 27 500 сомду түзгөн жөлөкпулдарды жана белектер берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-январь күнү билдирди.
Балдарга жөлөкпулдарды КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева жана “Ассанабил” Кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Мохаммед Абдулькарим тапшырышкан.
“Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, 2020 – жыл Президент тарабынан “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”, деп жарыяланды. Министрлик тарабынан, өзгөчө быйылкы жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга, үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт. Ал эми “Ассанбил” жана башка кайрымдуулук фонддор мамлекеттин саясатын туура түшүнүп, тыгыз кызматташуунун негизинде жардам көрсөткөнүңөргө ыраазычылык билдирем. Фонд жер-жерлерде социалдык объекттерди куруп, калктын эң аялуу катмарына акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө”, – дейт Улукбек Кочкоров.
“Ассанабил” Кайрымдуулук фонду өлкө боюнча 355 балага жалпы суммасы 8 млн. 552 миң сом түзгөн жөлөкпул таркатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ