Menu

АШАнын арам акчаларын актап жаткан – АПРЕЛЬ

Бөлүшүү:

“АПРЕЛГЕ” күз да келет

Кыргызстанда менчик телеканалдар аябагандай эле көп, алардын ичинен материалдык-техникалык базасы, каржылык жактан камсыздалышы эң мыктылардын бири – “Апрель-ТВ” телеканалы болуп саналат. Анткени, анын кожоюну -Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Ал эми Атамбаевде акча деген аябай көп. Ал көп акчасынын бир бөлүгүнө өзүн мактатып-жактатып, оппоненттерин күнү-түнү шыбап туруу учун “Апрель” телеканалын ачып алган. Акчалары кайдан жыйналгандыгынын сырлары акыркы убактарда резонанстуу иштерге кошо ачылууда дагы көбү ачылат. Алардын баары ачылса, бирөөлөрдү шыбамак түгүл, өз башына ээ болбой калышы да мүмкүн. Анан, анан… убагы келгенде кожоюнунун саясый тагдырына кошо бул телеканалга да “Сентябрдын” күзү келип, жалбырактары кубулуп, апрелдин ар түркүн гүлдөрү ачылып, анда иштегендерди ачкылсыз деле мас кылган жазынан каркайган жылаңач бутактар, чириндилер гана калары шексиз.

АША өз менчигиндегиден да ижара акы адабы!

Күтө турсак, Кудай буйруса, анын кайсыл жылдын сентябрында боло тургандыгын да керебуз. Телеканалдын азыркы жүргүзүп жаткан маалыматтык саясаты ага толук негиз боло алат, бирок ага токтолуудан мурда анын кыска тарыхы жөнүндө окурмандарга андан да кыска маалымат бере кеткибиз келет.

“Апрель” телеканалы 2018-жылдын 1-апрелинен тартып иштей баштаган. Анын эки уюштуруучусу бар, биринчиси — Алмаз Атамбаев, экийчиси — “Апрель” коомдук фонду, фонддун жетекчиси бизге белгилүү Фарид Ниязов. Бул фонддун жападан жалгыз уюштуруучусу да Алмаз Атамбаев. Демек, телеканалга экс-президент өзү гана толук ээлик кылат.

“Апрель” теле каналы Алмаз Атамбаевдин менчигиндеги “Форум” имаратында жайгашкан. Телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложников ал жерден бир нече бөлмөнү ижарага алып отурушкандыгын айтып калат. Эгерде ал чын болсо, ижара акы да Алмаз Атамбаев деген адамга төлөнөт. Шумдугуң кургур, укмуштуунун төөсү жорго деген ушубу?! Астапурулла, өзүнүн менчигиндегилерден өзү ижара акы алган адамды биринчи көрүшүбүз. Мындай таң калычтуу окуя дүйнөнүн башка эч жеринде болбосо керек. Муну токтоосуз Гиннестин китебине сунуш кылуу зарыл.

Карганын актыгына ишендирүүгө болгон аракеттер

Артында АША өзү турган “Апрель” фонду 2010-жылдын апрелиндеги төң-көрүштө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жаракат алгандарга жардам көрсөтүү, жаштарды, улгайгандарды, мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерди, бей-бечараларды, калктын турмуштарын жакшыртып, маданияттарын жогорулата турган социалдык, маданий долбоорлорду колдоо үчүн түзүлгөн. Фонддун буга чейин кимдерди колдогонун билбейбиз, бирок акыркы коррупциялык жаңжалдар анын ээсинин буга чейин фонддун уставындагыларга каршы иш кылып келгендигин ашкерелеп салды. Дагы канчасы ашкереленет, аны убакыт көрсөтөт. “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген ушул тура. Ал үстөктүк пайыздары оор кредиттерди алып, алты жылда өлкөнүн сырткы карыздарын эки эсе көбөйтүл, эл аралык коррупциялык афералардын уюштуруучусу болуп келсе, мындан башка нени айтабыз? Ал былыктарын ашкерлереп жаткандарды бокочодой көрөрү шексиз.

Ооба, АШАнын менчигиндеги “Апрель” телеканалынын башкы ишмердиги-Бишкек ЖЭбин, Улуттук тарых музейин модернизациялоодогу, жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” чубалгысын, альтернативдүү автожолду куруудагы коррупциялык көрүнүштөрдү актап-жактап, коррупцияга баткан беделин мүмкүн болушунча реабилитациялап, ыңгайы келген убакта аракеттеги бийликти жаманатты кылууда, көрүүчүлөрдө жердештик, трайбалисттик сезимдерди тутандырып, күчөтүүдө болууда.Телеканалдагы бүгүнкү бийликти максаттуу каралоого, жамандоого, эл көзүнө мокочо көрсөтүүгө багытталган маалыматтардын “заказчиги” да Атамбаев экени чындык. Ал “Апрелдин” башкы идеологунун да, иш жүзүндө башкы редакторунун да милдетин аткарып жаткан адам. Саясий маалыматтардын бири да АШАнын уруксатысыз эфирден кетирилбейт.

Телеканалдын негизги коноктору-коррупция боюнча айыпталып жаткандар, кызматтарынан алынгандар, кызмат сурап жер сабап жүргөндөр экендигин, алардын эмнелерди айтып жатышкандарын, мындар ары да эмнелерди айтарын жакшы билесиздер. Бирок, өйдүк-сөйдүк сөздөрү, андан жаман жүрүм-турумдары, коррупцияны гүлдөтүп, авторитардык-криминалдык башкарууну орноткондугу, саясый оппоненттерин иттери улугудай абалга жеткире куугунтуктаганы жагынан айырмаланып, эн тамга салганга да бош жери калбаган деп айткыдай булганган адамды актап-жактагандан алар кандай абийир табышар болду экен? Бул карганын актыгына, карышкырдын сопулугуна башкаларды ишендирүүгө аракеттенгендей эле куру убаракерчилик.

Апган айлыкты сөзсүз актаганга аракет кылуу керек, бирок ал тазабы же элдин жон терисин сыйрыганданбы? Эгерде андай болсо, элдин наалатына калып, түбөлүк бетиме чүркөө кылгандан көрө, башка жерден деле өз нанымды таап жесем болбойбу? – деп өз ыйманынан сурай жүргөн ашыктык кылбайт. Апрелдин жазынан кийин сентябрдын күзүда келерин АШАнын арам акчаларын актоого жан талашып далбас уруп жатышкан “Апрель-ТВ” телеканалынын журналисттери эстей жүргөндөрү жакшы.

А. Касымов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: