Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигин жаныбарларды коргоочу Галина Кучеренкону тезинен бошотуп, коопсуздугун камсыздоого чакырышууда. Жарандык активист 7-декабрда кармалган.
Ашхабаддык активист Наталия Шабунц “Азаттыктын” түркмөн кызматына Галина Кучеренконун кайда экени белгисиз экенин билдирди. Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси жана Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму Кучеренконун тагдырына кабатыр болушууда.
7-декабрь күнү өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган кишилер ашхабаддык активист Галина Кучеренконун үйүнө кирип, аны кызы Валерия менен чогуу алып кетишкен. «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» кабарлагандай, күндүн экинчи жарымында Валерия Кучаренко бошотулган. Ошондон бери ал апасы Галина Кучеренкону көрө элек. Валерия Кучаренкону бошотуудан мурун жергиликтүү сотко алып келишип, полицияга каршылык көрсөттү деген шылтоо менен 50 манат (12 евронун тегереги) айыппул салышкан. Ал үйү тинтүүгө алынганын, мышык менен иттери жоголгонун айтууда.
Галина Кучеренкону буга чейин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү социалдык түйүндөрдөгү сын-пикирлери үчүн бир нече жолу опузалашкан. Ал Түркмөнстанда үй жаныбарларын жапырт түрдө кырууга каршы чыгып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ