Menu

Жалал-Абадда балдардын коопсуздугун, укуктарын камсыз кылуу колго алынууда 

Бөлүшүү:

 Жалал-Абад шаарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын даректүү жана багыттуу иш-чаралар үзгүлтүзсүз жүрүп жатат. Бирок, бул маселеде мамлекеттик органдар менен катар үй-бүлөнүн, ата-энелердин да ролун жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюча комиссиясынын чукул отурумунда айтылды. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын аице-мэри Айзат Раматиллаеванын айтымында, буга чейин балдардын коопсуздугун сактоо багытында комиссиянын курамы түзүлүп, атайын рейддер уюуштурулуп келген.

-Рейдде кармалган балдардын ишин комиссия карап чыгылып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп келди. Негизги максат – жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан арылтып, билимге болгон умтулуусун күчөтүү. Биз Жалал-Абад шаарында ай сайын ар кандай аталыштагы рейддерди уюштуруп, балдарды көзөмөлгө алып турабыз, – дейт ал.

Бул отурумга катышкан өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаева шаарда жүзөгө аткарылып жаткан иштер менен катар үй-бүлө укугун коргоодо мамлекеттик органдар элге жоопкерчилик менен иштөөсүү керектигин, ошондой эле ар тараптуу жардамдарды берүү башкы планга коюлуусу шарт экенин, ошону менен бирге эле ата-энелердин да балдарга болгон жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, турмуштук оор кырдаалдан чыга албай каттодо турган 7 үй-булө, 17 бала бар. Алардын абалы коомиссияда каралып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Алардын ден-соолугуна, билим билим алуусуна жана башка социалдык укуктарына байланышукан бардык маселелери чечилип жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: