Menu

Өкмөт Liglass кепилдик төлөм төлөгөн жок деген маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Өнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде утуп алган чехиялык LIGLASSTRADING CZ, SRO компаниясы тендерге катышуу үчүн кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵн деген маалыматтарды четке какты.

Аталган мекеме бүгүн тараткан билдирүүдө кээ бир маалымат каражаттарына жарыяланган кабарлар төгүн экени айтылып, “кырдаалды курчутуу жана долбоорду үзгүлтүккɵ учуратуу максатында туура эмес, жалган маалыматтарды атайылап таратуу аракети жүрүп жатканы белгиленген.

Кепилдик тɵлɵм тендерге катышуудагы милдеттүү шарт экени, аны тендердин бардык катышуучулары комитеттин депозиттик эсебине которушары кошумчаланган.

Маалыматка караганда, LIGLASSTRADINGCZ, SRO компаниясы кепилдик акыны тɵлɵгɵн, аны тастыктаган документ, республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынын эсебинен алынган кɵчүрмɵ бар. Каржы министрлиги берген бул документ кепилдик акынын тɵлɵнгɵнүн ырастайт. Чехиялык компания 1 миллион 147 миң 719 доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион сомду да (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң сомдон) тɵлɵгɵн.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат” деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компания ээси Михаэл Смелик “Азаттыкка” берген маегинде чех прессасындагы маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган. Бирок бул жумада да чехиялык Lidove Noviny гезити ​Liglass Trading Кыргызстанга 1,2 миллион доллар кепилдик төлөм бербегенин жазып чыккан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “Русгидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: