Menu

Жыргалбек Сагынбаев Бозымчак кени быйыл жыл аягына чейин ишин кайрадан жандантарын убада кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрда Өкмөт үйүнүн жанында Бозымчак алтын кенинин жумушчуларынын митинги уланып жатат.

Митингчилерге Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев чыгып сүйлөдү.

Анын айтымында, жекшемби күнү ал Жалал-Абад облусуна барып, ал жерде ишкананын ишине нааразы болгон жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

«Биз жергиликтүү бийлик менен макулдашып, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жаңы жылга чейин ишкананы ишке киргизебиз деп ишенебиз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү митингге Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан казакстандык «KAZ mineralz Bozymchak» ишканасынын 200гө жакын кызматкери чыккан. Алардын айтымында, комплекске жакын жайгашкан бир нече айылдын тургундарынын нааразычылыгынан улам ишкана иштебей турат. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактардан келип,”Бозымчакта” иштеп жаткандарга карата агрессивдүү мамиле жасашууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: