Ноокен райондук соту күйөөсүн өлтүргөн деп айыпталып жаткан аялды үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Ошондой эле сот мунапыс колдонуп, 47 жаштагы И.З. бошоткону белгиленет.
Өкүмдө окуя болгон күнү аял кечки тамакты камдап жаткандыгы айтылат. Жумуштан келгенден кийин, күйөөсү аны кир кол менен тамак жасаган деп айыптай баштаган. Жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, эркек киши бычакты колуна алган. Аял бычакты күйөөсүнүн колунан жулуп алып, аны күйөөсүнүн көкүрөгүнө сайган.
Соттун жүрүшүндө соттолуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, ал бычакты колуна алган, андан кийин эмне болгону эсинде жок.
Экспертиза көрсөткөндөй, айыпталуучу кылмыш болгон учурда физиологиялык аффектте (өз аракетинин кесепетин түшүнүү жана ага көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн кескин төмөндөтө турган абал) болгон.
Күбөлөр көрсөтмө берип, И.З.нын күйөөсү ичип алып, аялын сабаганын айтышкан. Маркумдун бир тууганы бул көрсөтмөнү тастыктап, И.З.га эч кандай дооматы жок экендигин айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ