Тил жоголсо улут жоголот, муну биз тарыхтан жакшы билебиз. Кечээки эле Союз учурунда тилин жоготкон ондогон улуттар оруска сиңип жок болду. Биз дагы ошол шордуулардын катарына кирип калышыбыз мүмкүн эле, багыбызга жараша Союз ыдырап, түндүгүбүз көтөрүлдү. Бирок, маңкурттук сезимден ажырай албай койдук. Мамлекет эне тилди урматтоочу чараларды көрбөстөн, тескерисинче элди шылдыңдагансып, кыргыз тилин билбегендерди кастарлап, төргө чыгарып жатат. Маселен Адилет министрлигине эне тилин билбеген Марат Жамангулов деген кургурду отургузган. Биринчнден, өз эне тилин билбеген маңкурт өз элине күйүп жыргатабы? Экинчиси, кыргыз тилин билбеген нойон кантип кыргыздын мыйзамдарын талдайт? Буга жооп бериши керек.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ