Menu

Какылдаган Каныбек, сен кайдасың? Жигит болсоң акыйкаттыгыңды ушундайда көргөзбөйсүңбү?

Бөлүшүү:

«Мурдагы Башкы прокурор, ЖКнын экс-депутат Аида Салянованы кимдир бирөөнүн сүйлөп койгон көргөзмөсү боюнча эле камакка алынышы эч бир мыйзамга жатпайт» деген пикирде. Деги эле Салянованын камакка алынышынын өзү мыйзамсыз болгону туурасында анын тарапташтары 7 миң кол чогултуп сот анын күнөөсүз экенин далилдеп бергенге чейин А. Жеңишбековнаны боштондукка чыгаруу менен анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн кайрылуу катты президент С. Жээнбековдун кабылдамасына тапшырышты. Алар аталган кайрылууда президент өз көзөмөлүнө алаар деген үмүттө. Аталган кайрылууда А. Салянованын укугу ачык эле тебеленип, апасынын ооруп жатканын, кичинекей кызы энесин издеп чыркырап ыйлап жатканы ошондой эле анын опурталдуу эки жүрөк оорусу бар экенин, учурда Салянованын жүрөк оорусу өтүшүп жатканын туурасында медициналык документтердин негизинде далил кылуу менен, эгерде А. Салянова ушундай жагдайда камакта кала бере турган болсо анын өмүрүнө коркунуч жаралаары анык экенин белгилегени айтылат. Ушуну менен бирге Салянованын тарапташтары анын камакка алынышы болгоңдо да иш күнү эмес, мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири болгон Улуу Орозо майрамында жүргүзүлгөнү барып турган адамгерчиликсиз мамиле экенин, гумандуулук менен мыйзамдуулуктун принциптери тебеленип-тепселип, Жараткандын шариятын каакы ордуна көрбөгөндүгү катары баалашууда. Ачыктап келгенде Аида Салянованын «күнөөсү» А. Атамбаевге каршы жок көрсөтмөнү бийлик тарап андан талап кылып жатканында.

Адатта, коомчулукту таң калтырып жаткан көрүнүш мындай кырдаалда анын «соратниктери» делген «Ата-Мекен» партиясынын депутат сөрөйлөрүнүн бирөөсүнүн да оозунан колдоо сөзү чыкпай жатканы… (экс-депутат А. Сасыкбаеваны кошпогондо).

«Ата-Мекен» партиясынын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы А. Шыкмаматов эптеп эле бирдеме демиш эткени болбосо А. Салянова туурасында «Ата-Мекен» дээрлик тымтырс. Ал эми акыйкаттык, гумандуулук жөнүндө «лириканы» айтканы боюнча какылдап алдына киши салдырбаган, ар бир парламенттик шайлоодо ар кайсы партиянын терисин жамынып жүргөн Каныбек Иманалиев болсо кадимкидей чээнге кирип кеткендей. Бул эргул а тургай кечээ жакында болот деп болбой калып андан ары август айынын аягына чейин жылдырылган Ө. Текебаевдин сотунда да журналисттердин суроолоруна кайпактап жооп бере албай «жылт» койгонун анын мындай аракетине күбө болгон журналисттер өз көздөрү менен көрүп баштарын чайкады. Ушундайда аргасыздан бир ой келет экен, чын эле азыр эл арасында кийинки парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясын «Раим миллион» каржылайт экен деген кептердин чындыгы барбы, ыя?

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: