Menu

Улан Жумаков, адвокат: “Бүгүн кээ бир күчтөр ызы-чуу, чыр-чатакты гана көздөшүүдө”

Бөлүшүү:

Менин жеке пикирим: Акыркы учурларда кээ бирлер президенттен негативдүү бир нерсе таап, өлкө башчысын жаманатты кылууга аракеттенишүүдө, атүгүл атайын фото сүрөттөрдү жасалмалашып, Оштогу президент катышкан Форумга келгендер уктап отурушкандай көрсетүүнү көздөшүүдө. Бул монтаж, президент сүйлөбөгөн учурдагы видеокадрлардын секунддук белүктөрү кыркылып алынып, фотосүрөт катары таратылган.

Мына, бул жерде чыныгы фотографиялар, баары жайында, баары сонун. Албетте, Оштогу зал менен мамлекеттик резиденциянын залын салыштыруу мүмкүн эмес.

Президент демократиялык баалуулуктарга каршы чыгып аткан жери жок, тескерисинче, азыр өзүнүн пикири, көз карашы барларды куугунтуктап, кылмыш иштерин козгоп, миллиондогон доолорду койгон Атамбаевдин мезгилине караганда эркиндик бар.

Балким, азыркы президент да журналисттерге доолорду коюуну, көз карашын билдиргендерге кылмыш иштерин ачууну, митингдерге уруксат бербөөнү улантып, өзүнүн “айдоочуларын”, “юристтерин”, “жансакчыларын’’ негизги саясий кызматтарга, күч түзүмдөрүнө дайындоолорду улантканы туура болмок беле? Балким, жаңы саясий партияны түзүшү керек беле? Анын курамына кирүүнү каалагандардын саны аябай көп болмок. Жок, күтпөй эле койгула, андай болбойт, себеби, аракеттеги президент өлкөдөгү калыптанып калган демократиянын принциптерин бузбайт, ага кийлигишпейт. Кудайга шүгүр, өлкө башчысы ММКларда, социалдык тармактарда таратылган ар кандай чагымдарга, тукуруктарга алдырбай келүүдө.

Албетте, айрым бир кызыкдар күчтөр президент оппозицияны куугунтуктап жатканын айтып чыгышары талашсыз, бирок бүгүнкү оппозиция кимдер, оппозиционер делген Илмиянов, Ибраимов, Артыкбаев, Сатыбалдиев, Ниязов ж.б. буга чейин каякта болушту эле…?

Бул оппозиция саналгандардын колдорунан бир гана нерсе келет, өздөрүнүн жалданма троллдору аркылуу ММКлар менен социалдык тармактарда жалган, фейк, чагым маалыматтарды таратышууда. Алар мамлекетте эмне болорун уруп ойношпойт, аларга ызы-чуу, чыр-чатак, провакация жана коомдук резонанс гана керек. Алардын түпкү максаты – элдин алдында президентти дискредитациялоо, бул – “людовиктердин”: “менден кийин аалам аңтарылып кетсин”- деген бетпактык принциби.

Жок, урматтуулар, боссуңардын алты жылдык башкаруусунда силер өзүңөрдү көрсөттүңөр, баарыбыз силердин кылганыңарды көрдүк, жорук-жосунуңарга күбө болдук. Институтта 25 жыл окуп, анан бир кол тамга менен диплом алып алса, рулду бургулап жүрүп эле президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп алса болорун, мамлекеттик сыйлык, наам, орден, медалдарды оюнчук төш белгилердей эле таркатылганын, атайын кызматта бир күн иштебей, эч кандай чинге ээ болбой эле улуттук коопсуздук кызматынын башчысы кызматын аркалап, генерал-майор аскердик чинин алууга, жөнөкөй жансакчыдан дароо ИИМдин башчысы боло калып, милициянын генерал-майору чинине жетүүгө болорун көрдүк. Мындай мисалдар көп, эми элестетип көргүлөчү, мындай көрүнүштөр бийликтин эң жогорку чөйрөсүндө болуп жатса, алардын өлкөнүн бардык аймактарындагы өкүлдөрү эмнелерди гана кылышпады?!

Ошондуктан мен бир гана нерсени айткым келет, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду колдойм!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: