Menu

Бишкекте 2 милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

ИИМ азыркы мыйзамды бузган милиция кызматкерлерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды ар дайым жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги  абийирсиз жана  коомдун алдында милициянын аброюна шек келтирген кызматкерлерден өз катарын  тазалоодо. Жазадан эч ким кутула албайт. Коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү планында ИИМдин жетекчилигинин позициясы-кызматкерлердин мыйзамдарды бузушканы аныкталган учурда, күнөлүүлөрдү  жоопкерчиликке тартуу. Кылмыштарды жасалмалап, жашырган милиция кызматкерлери дагы бар же өздөрү мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышат. Ички иштер министрлиги ушундай фактылар аныктала турган болсо, катуу чараларды көрөт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы  ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантып келет.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда.

2019-жылдын 21-май күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ИИОнун кызматкерлери тарабынан пара талап кылынып жаткандыгын билдирген. Жогоруда көрсөтүлгөн материал  2019-жылдын 21-май күнү Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин  326-беренесинин 1-бөлүмүндөгү (пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Башкармалыгынын тергөө бөлүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин  326-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштөгү материалды кароонун алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

2019-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарынын  Биринчи май РИИБдин милициянын аймактык пунктунун биринде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ШМБнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү К.Т. менен А.Ч. аттуулар  5 000 сом  пара алып жаткан жеринен кармалышкан.   Мурда алар 30 000 акча каражатын талап кылышкандыгы аныкталган. Кармалган милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМде ар бир кызматкер өзүнүн кылган ишине жеке жоопкерчилик алуусу-бардыгына бирдей иштейт.  Кимде-ким кылмыш жасап же укук бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жаза алат. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ар дайым өздүк курамда мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоонун үстүндө иштейт жана терс көрүнүштөр боюнча коомчулуктан жашырууну көздөбөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: