Бүгүн, 19-июлда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан соттук отурум улантылып жатат.
Алардын ишин карап жаткан судья Эрнис Айбек уулунун буйругу менен сотко келген адамдардын бардыгы, журналисттердин жарымы, соттолуп жаткандардын бардык тарапташтары сыртка чыгарылган бойдон, сотко кайра киргизилбей койду.
Ага чейин судья катышуучуларга сот залын бошотууну өтүнгөн. Ага прокурор Жахангир Ботобаевдин сотко “Ата Мекен” юристи Канатбек Азизди күбөлөргө жардам берип жатат деп айыптап, эскертме берүүнү сурангандыгы себеп болгон. Сот болсо Канатбек Азизге сот залынан чыгып кет деп буйрук берген. Анын айынан эл нааразычылыгын билдирип, залда ызы-чуу түштү.
https://youtu.be/u2KXiK-a8xo
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ