Menu

Бүгүнкү бийлик да бакиевдердин жолун кайталап, Жекшенкуловго жалаа жапканын койбоду!

Бөлүшүү:

Чоң саясатта салмактуу гана саясатчылардын тизмеси бар. Алардын алдыңкы сабынан Аликбек Жекшенкуловду көрүүгө болот. Себеби, анын баскан жолу маңыздуу, таза кадр. Учурда тышкы саясатты талдаган жагынан мындан ашкан адисти көрүү кыйын.

Эсиңерде болсо, Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Аликеге кылмыш иши козголуп, жарым жылдан ашык УКМКнын жертөлөсүндө отуруп чыккан. Ак ийилди, бирок сынган жок. Кийин акталды. Кызыгы, ошол «эски тырмоокту» бүгүнкү бийликтегилер да басып, ушул күнгө чейин Жекшенкуловду каралоо менен алектенип келет. Албетте, мындай иштерди президенттин тегерегиндеги кошоматчылар гана кылышы мүмкүн. Ачындыгында, башкы дипломат мамлекеттин келечеги менен адилеттүү коомдун өнүгүшүнө тилектеш.

Баса, Жекшенкулов жаш кезинен комсомолдо кызмат өтөп, 90-жылдардын башында Ошто иштеп жүрүп, ошол жактан Жогорку Кеңештин легендарлуу депутаттыгына шайланган болчу. Андан соң бир топ жыл ТИМдин орун басары, Батыштын төрт өлкөсүндө элчи, президенттик администрациянын орун басары, тышкы иштер министри болгон. Кийин Бакиевдин катаал режиминде чачылган оппозицияны жыйнап, кыйрап бараткан мамлекетибиз жардан ары учаарда сактап калганы эсибизде. Дал ушундай бекем, туруктуу, сатпаган инсандын тажрыйбасы алдыдагы кооптуу саясый күрөштөрдө өтө маанилүү. Себеби, Аликбек мырза кыйын күндөргө туруштук берет, эчен сыноодон өткөн…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: