Menu

Британиянын парламентин гейлер каптады

Бөлүшүү:

Улуу Британияда болуп өткөн мөөнөтсүз парламенттик шайлоолордон кийин Коомдук палатага рекорддук сандагы гейлер шайланып келишти. 45 гей парламенттин депутаттарынын жалпы санынын 7 (!) пайызын түзөт. Түндүк Каролина университетинин саясат таануу боюнча профессору Эндрю Рейнольдстун айтымында, бул дүйнө жүзү боюнча эң чоң көрсөткүч болуп саналат. Анын маалыматы боюнча, гейлердин он тогузу консерваторлор, дагы он тогузу эмгек партиясынан, жетөө Шотландиянын улуттук партиясынан.

Макалада өздөрүн «гейбиз» деп ачык жарыялаган депутаттар Улуу Британиянын кайсы административдик-саясый бөлүгүнө таандык экендиги боюнча да статистика келтирилген. 31 парламентарий-гей Англиядан, ону Шотландиядан, төртөө Уэльстен шайланыптыр. Алардын 36сы эркек, тогузу аял. Баары тең ак түстүү кишилер.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: