Menu

Ошто прокурор Улукбек Өмүрзаковдун тарапташтары аны үй камагына бошотууну талап кылышты

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаковдун тарапташтары аны камактан бошотууну талап кылышууда. Бул тууралуу алар Ошто өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымы боюнча, Улукбек Өмүрзаковго жалган айып тагылган жана кылмыш ишин жасалма деп эсептешет.

Алар укук коргоо органдарына маселени чечүү үчүн 15 күн убакыт беришти. Ички иштер министринин орун басарынын бир тууганы үй камагына чыгарылбаса, алар митингге чыгууну көздөп жатышат.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, прокурор Улукбек Өмүрзаков көмүр кенин рейдерлик менен басып алды деп шектелип УКМК тарабынан кармалган. 16-ноябрда ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: