Menu

Сооронбай Жээнбеков: Премьер-министрлик кызматта отуруп мен дагы бир ирет бизде ачык жана активдүү көз караштагы жарандык сектордун күчтүү экенине ынандым

Бөлүшүү:

«Премьер-министрлик кызматта отуруп мен дагы бир ирет бизде ачык жана активдүү көз караштагы жарандык  сектордун күчтүү экенине ынандым. Бийликтин жарандык коомдук жана ЖМК бири-бири менен бирдиктүү иш  алып баруусу жарандарга жана коомчулукка пайдасы зор. Биз Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча дайыма максималдуу ачык маалымат бергенге аракет кылдык. Мен дайыма сиздердин колдооңуздарды сезип турдум», – бул тууралуу бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков жалпыга маалымадоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда, Өкмөт башчы Өкмөттүн ишин ачык-айкын  чагылдыргандыгы үчүн журналисттерге ыраазычылыгын билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер катары расмий түрдө катталганын маалымдады.

«Мен сиздерге биргеликте иштегендигиңиздер үчүн жеке ыраазычылыгымды билдирем. Мен эксклюзивдүү маектерди берип, чоң маалымат жыйындарын өткөргөн жокмун. Мен биринчи иштеп, кандайдыр бир жыйынтыкка жетишип, андан кийин гана алар тууралуу айтууну туура көрдүм. Муну менен катар мен дайыма журналисттер эмне тууралуу жазып айтып жатканын окуп, көрүп жүрдүм.  Менин көптөгөн иш аракеттерим сиздердин маалыматтык материалдарыңыздарга түрткү болду», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Сооронбай Жээнбеков  бир катар суроолорго жооп берди. Анын ичинде эмне үчүн өлкөнүн Премьер-министрлик кызматынан кетип жаткандыгы боюнча суроого жооп берди.

«Мен Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына башка талапкерлер менен тең укуктуу шартта катышуу үчүн Премьер-министрлик кызматтан кетүүнү чечтим. Мыйзам  мага шайлоого чейин, кийин жана президенттин кызматка киришүүсүнө чейин  премьер-министрлик милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Көпчүлүк менин тарапташтарым кызматтан кетпөөгө,  кетпөөгө, эмгек өргүүгө чыгып, шайлоо убактысында ыйгарым укуктарымды тототуп туруну айтышты. Мен мунун баарын четке кагып,  ойлонуп, менин кызматтан кетүү чечимимди  кабыл алуусун өтүндүм. Президент бул чечимди колдойт. Шайлоо учурунда толук андуу премьер жана  толук кандуу өкмөт болушу керек. Экинчиден, мен шайлоого башка талапкерлердей бирдей шартта барам, бул эң башкысы. Мен бул чечимди туура деп ойлойм », – деп маалымдады Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: