Menu

Казакстан менен Өзбекстан аскер кызматташтыгы боюнча планга кол коюшту

Бөлүшүү:

Ташкентте коргоо министрлеринин деңгээлинде өткөн жолугушууда Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы аскер кызматташтык жөнүндөгү планга кол коюлду. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, эки өлкө ортосунда мындай документ биринчи ирет пайда болду.

«Интерфакс» менен ИТАР-ТАСС агенттиктеринин кабарлашынча, план боюнча тараптар биргеликте ыкчам, күжүрмөн аскердик даярдыктарды көрүшөт жана аскердик билим берүү иш чараларын алып барышат.

Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу жанданууда. Буга чейин Астана менен Ташкент чек ара өткөрмө бекеттерин кеңейтүү, талаштуу тилкелерди демаркациялоо боюнча бир нече келишимге кол коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: