Menu

Түрк бийлиги киши колдуу болгон журналисттин аялын коргоого алды

Бөлүшүү:

Түркиянын бийлиги Стамбулда өлтүрүлгөн саудиялык журналист Жамал Хашоггинин жесири Хатиже Женгизди коргоого алды. Бул тууралуу жекшемби күнү «Анадолу» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, мындай чечимди Стамбул губернаторунун администрациясы кабыл алды. Ага ылайык, журналисттин аялы күнү-түнү полициянын көзөмөлүндө болот.

Сауд Арабиясынын бийлигин кескин сындап келген журналист Жамал Хашогги 2-октябрда Стамбулдагы Саудиянын консулдугуна кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Анкарадагы бир катар бийлик өкүлдөрү «Хашоггини Саудиянын бийлик өкүлдөрү өлтүрүп коюшу мүмкүн» деп эсептесе, Эр-Рияд мындай дооматтарды четке кагып, журналист имараттан чыккандан кийин жоголгонун билдирүүдө. Бирок ошол күнү дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдынан күтүп турган жубайы Хатиже Женгиз күйөөсү имараттан чыкпаганын билдирген.

20-октябрда Сауд Арабиясынын бийлиги, Хашогги башкы консулдуктагы чатакта каза болгонун моюнга алды. Сауд Арабиясынын башкы прокурору шейх Сауд ал-Муаджиб учурда бул боюнча 18 киши кармалганын билдирди, бирок алардын атын атаган жок. Мындан сырткары ал мураскер канзаада, генерал Ахмед Асиринин жана министр падышалыктын даражасындагы кеңешчиси кызматтан алынганын билдирди.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: