Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен окууда мыкты ийгилик көрсөткөн окуучуларга «Алтын сертификат» тапшырды. Бул иш-чарада элдин көңүлүн бурган өзгөчө окуя, Жээнбеков бийликке келгенден кийин кылмыш иши козголуп Кыргызстанды таштап сыртка чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабановдун «Алтын сертификат» алышы болду. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Нурэмир Бабановдун бетинен өөп, сыйлыгын тапшырды. Бул жагдайды президенттин пиар компаниясы «Жээнбековдун айкөлдүгү катары» укмуш жаңылык катары пиарлашты. Кызык, Нурэмир өзүнүн акыл көрөңгөсү, билими аркылуу жетти. Жээнбеков Бабановдун баласы экен деп сыйлык бербей койгонго укугу жок да. Арийне сыйлык бербей койсо деле эч нерсеси кемимек эмес. Ансыз да Нурэмир «мага бул сертификаттын пайдасы деле тийбейт, мен чет өлкөдөн окуйм» дегенди айтты.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ