Menu

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: “Азимбек Бекназаров кыргыздын эли, жери дегенде жанын да берүүдөн кайра тартпайт”

Бөлүшүү:

Көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 60 жашка толду. Бул инсандын коомдогу ордун кандай баалайсыз?

– Азимбек Бекназаров кыргыздын күчтүү жигиттеринин бири. Саясатта депутат катары өзүн абдан жакшы көрсөтө алды деп эсептесе болот. Азимбек ишмердүүлүгүнүн айынан түрмөгө да олтуруп чыккан. Түрмөгө олтуруп чыкканынын кайгылуу жагы Аксы окуясы болуп кетти. Ушул окуя күчөп олтуруп бүт өлкөгө тарап, аягы Акаевдин өлкөдөн качып кетүүсү менен аяктады. Ушунун баардыгына Бекназаровдун байланышы бар. Патриоттук духу өтө күчтүү. Кыргыздын эли, жери дегенде жанын да берүүдөн кайра тартпайт. Каркыраны, Үзөңгү-Куушту да коргоп, кийин Уңгар-Тоону колдойм деп да жүрдү. Кыргызстанда эки жолу төңкөрүш болсо экөөндө тең активдүү катышты. Бирок, өкүнүчтүүсү экөөндө тең пайдаланып бийликке келген адамдар Азимбекти четке чыгарып коюшту. Мунун себеби дагы бар. Биринчиси өзүнүн мүнөзүнө жараша бийликке чогуу барабыз деген адамдары менен тил табыша албай калып, бийликке келгенде четке чыгып калууда. Акыркы төңкөрүштөн кийин бийликтен гана четтетпей муну жамандатып, канкор деген жаман атка кондурду. “Бульдозер революция кылып акча топтойт дагы кийинкисине даярданат”- деп ушактарды чыгарып жүрүшөт. Бирок ал мындай ушак сөздөрдүн биринин да артынан түшүп, териштирген жок. Банк уячаларын дагы Азимбектен көрүшкөндө фактыларын таап жазамды бербейсиңерби дегенде эч ким эч нерсе таба алган жок. Мунун баары анын потенциалы чоң экендигинен кабар берет.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: