27-сентябрь күнү кечинде Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын соттолгон активисттеринин бири Рахматулло Раджабдын үйүнө ондогон балдар жумуртка жана алмаларды ыргытып кетишти. Бул тууралуу анын жубайы билдирди.
Соттолгон активисттин үйүнө балдарды атайын автобус менен алып келишкен. «Алар терроризмге жол жок, Кабири жоголсун деп кыйкырышты. Биз кимди террор менен коркутуптурбуз?», – деп суроо салды Рахматулло Раджабдын жубайы.
Ал жаш «активисттер» мындай жол менен Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү менен бирге чет өлкөдө жүргөн уулу Шухрат Рахматуллонун ишмердүүлүгүнө каршы нааразылыгын билдиришти деген пикирде.
Бул окуяга чейин, 23-сентябрда жаштардан турган топ партиянын мурдагы лидери Саид Абдулло Нури менен партиянын төрага орун басары Саидумар Хусайнинин үйлөрүнүн алдына чогулушуп, партия менен анын учурдагы лидери Мухиддин Кабириге каршы ураан ташташкан.
Ушул жылдын июлунда Тажикстандын Жогорку соту Ислам кайра жаралуу партиясынын жогорку макамдагы 14 мүчөсүнө карата узак мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Алар улуттук, диний кастыкты козутууга, терроризмге, мыйзамдуу өкмөттү кулатуу жана куралдуу көтөрүлүш уюштуруу аракеттерине күнөөлүү деп табылган. Соттолгондордун арасында Рахматулло Раджаб да болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ