Бүгүн, 14-мартта белгилүү болгондой, мындан 4 күн мурун Канададан учуп келген кыргыз жараны “Манас” аэропортунан тепловизордон өтүп, өзүн жакшы эле сезип үйүнө кеткен. Бирок үйүнө келгенден кийин температурасы көтөрүлүп, 4 күн бою түшпөй койгон. Айласы кетип “тез жардам” чакырышкан. Бул тууралу коңшулары социалдык тармактарга фотолорду таратышууда.
Алардын айтымында пациент Көк-Жардагы “Солнечный” кичи шаарчасынын Куйручук көчөсүндө жашайт.
Медиктер менен милициянын биргелешкен тобу “тез жардам” менен келип, сыркоологон жаранды карантинге алып кетишкен. Бул тууралу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы да журналисттерге тастыктады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ