Кичи футбол боюнча Жогорку Соттун төрагасынын өтмө кубогу жыйынтыкталды. Бул туурасында Жогорку Соттун пресс-кызматы маалымдады.
Иш-чара КРнын Президенти тарабынан жарыяланган Ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү. Жалпысынын 12 курама команда төрт тайпага бөлүнүп беттешишти. Финалга Чүй жана Жалал-Абад командалары чыгып, жыйынтыгында Чүй областтык курама команадсы жеңишти багындырды.
Натыйжада биринчи орунга Чүй, экинчи орунга Жалал-Абад ал эми үчүн орунда Бишкек шаарынын курама командасы чыгышты. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева катышты.
Төрайым ар бир катышуучуга ыраазычылык билдирүү менен: “Канчалык спортко көңүл бөлүп, сергек жашоо образын түзсөк ошончолук ишибизде ийгиликтер жаралат. Сиздер өтө жоопкерчиликтүү кызматты аркалап жатып, ар бириңиздер өзгөчө машыгуу менен ушул жолугушууга келдиңиздер. Мен ойлойм, ушундай жакшы жышаан мындан кийинда уланып, салттуу түрдө өткөрүлүп турса жакшы болот. Себеби, бул жааматты ичинде ынтымакты, өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт”-деп белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ