Жогорку Кеңештин депутаттары «Чыңгыз Айтматов медалы» сыйлыгын негиздөөнү сунуштоодо. Алар бул демилге боюнча тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга алып чыгат. Мыйзам долбоорунун негиздеме катында, жаңы медаль маданият, агартуу, илим, адабият жана көркөм өнөр жаатындагы сиңирген эмгегин баалоонун жогорку сыйлыгы болот. Ошондой эле, бул сыйлык менен маданий мурастарды изилдөө жана сактоого, ар кыл маданий жана диний каада-салттарды карманган улуттар менен элдердин маданиятын жакындаштырууга, тынчтык жана достукту чыңдоого, мамлекеттер аралык рухий байланышты өнүктүрүүгө салым кошкондор дагы сыйланат. Сыйланаары жакшы, бирок ошол сыйлыкты татыктуулар алса, андан бетер мыкты болот эле…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ